Эки өлкөнүн ортосунда 4 миллиард долларга (3 миллиард евро) эсептелген ишкер келишимдер президент Нурсултан Назарбаевдин Германиядагы эки күндүк сапары учурунда түзүлдү.
Германиянын экономика жана технология министрлигинин билдиргенине караганда, кол коюлган контракттардын саны 50гө жакын. Бирок алардын чоо-жайы айтылган жок. Мурдараак Казакстандын Тышкы иштер министрлиги келишимдер чийки зат сатууну, өнөр жай жана технология чөйрөлөрүн камтый турганы маалымдаган.
Бүгүн Назарбаев Берлинде немис канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул - казак президентинин Батыш өлкөсүнө Жаңы-Өзөн шаарындагы кан төгүүдөн кийинки алгачкы сапары.
Ал жерде социалдык талаптар менен чыккан мунайчылардын бир нече айга созулган нааразылык акциясы былтыр 16-декабрда кагылыш менен аяктап, полициянын огунан 16 адам набыт болгон.
Назарбаевдин өкмөтү бул окуяга байланыштуу оппозиция активисттерин камакка алганы үчүн да сынга алынууда.
Казакстандык кээ бир активисттер Назарбаевдин сапарына тушташ Берлинде митинг өткөрүшүп, президенттен алар мүнөздөгөндөй “саясий жүйөсү бар камоолордун жаңы толкунун токтотууну” талап кылышты.
Немис канцлери Ангела Меркел сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында ал казак президенти Жаңы-Өзөндөгү окуяны иликтөө үчүн комиссия түзгөнүн колдой турганын белгиледи. Назарбаев болсо полициянын Жаңы-Өзөндө көргөн чарасын коргоп, ошол эле учурда адамдардын өлүмү “өкүнүч" жаратканын кошумчалады. (UE)