Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Парламент Тимошенконун абактан чыгышына жол ачуучу мыйзамды четке какты


Кылмыш кодексинин кызматтык кылмыштар үчүн абакка кесүүнү караган 365-беренесин өзгөртүү максатында парламентке эки мыйзам сунуш кылынган. Бирок Украинанын мурдагы премьер-министринин жактоочулары парламентте 155-157 депутаттын гана колдоосуна жетишти. Мыйзамдар кабыл алыныш үчүн кеминде 226 депутаттын добушу талап кылынмак.

Юлия Тимошенко 2009-жылы, премьер-министр кезинде Орусия менен түзгөн газ келишимдери үчүн былтыр октябрда жети жылга түрмөгө кесилген. Азыркы президент Виктор Януковичтин өкмөтүнүн пикиринде, ал келишимдер өлкө үчүн зыяндуу.

Тимошенконун жактоочулары жана ал өзү бул сот ишин саясий куугунтук катары баалоодо.

Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорски шаршембиде Киевде болгон учурунда Тимошенконун сотунан улам Евробиримдиктин Украинага карата ишениминин жоголуусу күчөп бара жаткандыгын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG