Катуу суукка байланыштуу Болгария, Хорватия, Румыния жана Сербия Дунай дарыясында кемелердин жүрүүүсүн токтотуп койду. Чоң-чоң муздар кемелердин сүзүүсүнө кооп жаратууда. Дунай – Европадагы эң ири суу жолдорунун бири. Балкан өлкөлөрүндө миңдеген адамдар кардын туткунунда калып, дүйнөдөн кесилип калышты. Көптөгөн аймактарда электр жана телефон зымдары үзүлүп, байланыш кыйындады. 10 чакты күндөн бери адаттан тыш ызгаардан Европада 500дөй киши каза тапты. Кээ бир жерлерде абанын температурасы 36 градуска чейин төмөндөгөн.