Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Греция өкмөтү бюджетти үнөмдөө боюнча мунасага келелек


Грецияда бийликтеги коалицияга кирген партиялардын лидерлери бюджетти үнөмдөө маселесинде кайрадан мунасага келе алышкан жок. Чыгымдарды азайтуу Эл аралык валюта фонду жана Евробиримдиктен кредит алуу үчүн шарт катары коюлган. Түн ортосуна чейин созулган жыйында премьер-министр Лукас Папдемос жана коалиция боюнча шериктери дээрлик бардык маселелерди такташты, бирок пенсияларды кырскартуу боюнча макулдаша алышкан жок. Сүйлөшүүлөр бүгүн уланмакчы. Ушул эле күнү Брюсселде евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн финансы министрлери Грецияга жардам берүү маселесин талкуулашат. Эл аралык валюта фонду жана Евробиримдиктин өкүлдөрү ал жыйынга чейин Афины өкмөтү мунаса келет деп үмүттөнүшөт.

130 миллиарддык кредит берилбесе, ири финансылык кризиске туш болгон Греция мартта дефолт жарыялашы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG