Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Казак элчилигинин алдында уу көмүр боюнча пикет өтүүдө


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров ушу тапта Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында пикет өткөрүүдө. "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ал казак Кулан кенинен ташылып келген көмүр боюнча жоопкерчиликти Казакстан да алышы керек.

"Башкы күнөөкөр - казак тарап. Эмне үчүн алар көмүрдүн зыян экенин билип туруп бизге өткөрүп жиберишкен. Кыргызстанга материалдык жана моралдык компенсация төлөсүн. "Кулан ТБ" ишканасы сөзсүз сот жообуна тартылсын", - дейт Токтонасыров.

Казакстандын Кулан кенинен "Кулан ТБ" фирмасы аркылуу былтыр сентябрда сатылып алынган 8,5 миң тонна көмүрдүн радиациялык фону нормадан 8-10 эсе ашык экени аныкталган. Аны кайра Казакстанга жүктөп жиберишмек, бирок дагы эле бир да тонна көмүр кете элек. Уулуу көмүр жагылган жерлерде адамдар ооруй баштаганын укук коргоочулар айтып чыгышты. Анын Кыргызстанга келишине күнөөлүү деп темир жолдун 2 кызматкери жана дагы 2 бажы кызматкери соттолууда. Бирок айрым оппозициячыл депутаттар аларды эмес, өкмөт жетекчилигин жоопко тартыш керек деп жатышат. Премьер-министрдин маалымат кызматы Өмүрбек Бабановдун бул ишке тиешеси жоктугун билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG