"Ата Журт" фракциясы 10-февралдагы жыйынында АКШнын Кыргызстанда жайгашкан Транзиттик жүк ташуу борборун жабуу маселесин кайрадан талкуулайт. Бул тууралуу фракция лидери Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" билдирди. Бүгүн парламентте "Ата Журттун" мындай сунушу өтпөй калды. Ташиевдин пикиринде, "Жүк ташуучу борбор келгенден бери Кыргызстандын саясый-экономикалык да, социалдык да проблемелары көбөйүп кетти". (ZB/RK)