Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

"Кыргыз Тарых Коому" уюшулууда


Ушул аптанын ишембисинде “Кыргызстан Тарых Коому” (КТК) деп аталган илимий-агартуу багытында иш алып бара турган эл аралык коомдук бирикменин түптөө жыйыны өтөт.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы жыйын залында өтө турган бул жыйында азыркы тарых илимине сереп салынып, бир гана Кыргызстан тарыхы эмес, чөлкөмдүк жана дүйнөлүк тарыхты комплекстүү жана объективдүү иликтөө көйгөйлөрү талкууланат.

Мындан тышкары КТКга тарыхый башат болгон мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын (КЖТЖ) кыргыз тарых илимине кошкон салымдары тууралуу сөз болот.1989-жылы 3-июнда түзүлгөн жана 1995-жылдын күзүнө чейин иш алып барган бул жаштардын чыгармачыл уюмун этнограф Айдар Көчкүнов, 17-18-кылымдардагы Кыргызстан тарыхынын орусиялык булактары боюнча адис Дөөлөтбек Сапаралиев, 9-13-кылымдардагы мусулман булактары жана этнос тарыхы боюнча адис Тынчтыкбек Чоротегин жетектеген. (RK)

XS
SM
MD
LG