Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Брюсселде бүгүн Грецияга финансылык жардам берүү маселеси талкууланат


Евангелос Венизелос
Евангелос Венизелос
Грециянын саясатчылары өлкөнү дефолттон сактап калыш үчүн зарыл болгон 130 млрд.евро жардамды алыш үчүн өткөрүлүшү зарыл болгон реформа тууралуу мунаса табыша элек.

Кечээ өлкөнүн башкаруучу коалициясына кирген партиялардын лидерлери кечке муну талкуулап, бир пикирге келе албай коюшту. Бүгүн болсо жумурияттын каржы министри Евангелос Венизелос Брюсселге жөнөп кетти.

Кечээги сүйлөшүүлөрдө чыгымдарды кескин кыскартуу боюнча бир гана пенсия боюнча тил таба албай коюшту. Кредиторлор пенсияны кыскартуудан 300 млн.евро сактап калууну талап кылышкан. Министр Венизелос бүгүнкү сүйлөшүүлөрдөн позитивдүү жыйынтык күтөөрүн айтты.

"Мен Брюсселдеги жыйын өтөт жана анда бизге берилчү жардам боюнча оң чечим чыгарылат го деп үмүттөнөм", - деди Грециянын каржы министри.

Эгерде Греция жетиштүү финансылык колдоо албай калса, анда мартта өлкө дефолт жарыялаганга мажбур болуп калышы ажеп эмес. Ал жалпы эле еврозонага терс таасир эте турган окуя болот.

XS
SM
MD
LG