Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Мыкты жергиликтүү бийликке өкмөт акчалай жардам көрсөтөт


Өкмөт жергиликтүү администрация жетекчилеринин ишине дем берүү максатында жыл жыйынтыгы боюнча эң мыкты облус, эң мыкты район деген наамдарды берет. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Өмүрбек Бабанов жаңы шайланып келген акимдер менен жолугушуусунда айтты.

Мыкты облуска 5 млн. сом, эң мыкты районго – 4 млн. сом, экинчи орунга – 3 млн. сом, эң мыкты айыл өкмөтүнө – 5 млн. сом, экинчи орунга – 4 млн. сом, үчүнчү орунга – 2 млн. сом берилет.

Бабановдун айтымында, акимдердин ишине баа берүүдө биринчи кезекте ошол районго инвестиция тартуу жагы каралат. (RK)

XS
SM
MD
LG