Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Түркмөнстанда президенттик шайлоону утурлай түркмөн-казак чек арасы жабылды


Президенттик шайлоо Түркмөнстанда ушул жекшембиде (12-февралда) өтөт. Казакстандын батышындагы Мангыстау облусунун чек арачылары менен бажы кызматы бейшембиде билдиришкендей, түркмөн тарап “президенттик шайлоо учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүктөн 8-15-февраль күндөрү чек араны жабышаарын” айтышкан.

Мангыстау облусунун туруктуу жашоочулары Түрмөнстандын Балка провинциясына визасыз беш күнгө каттоого укуктуу. Бирок өткөн жылдын этегинде бул региондогу Жаңы-Өзөн шаарында иш таштаган мунайчылар менен полициянын кагылышынан 16 адам өлгөн эле.

Түркмөнстандагы президенттик кызмат үчүн жарышка өлкөдөгү жалгыз мыйзамдуу партиянын сегиз мүчөсү, анын ичинде азыркы президент Гурбангулы Бердымухаммедов, катышууда. Бердымухаммедов жеңет деп күтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG