Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Казакстанда оппозициялык активист 1,5 жыл түрмөдө жаткандан кийин мунапыс алды


“Арман” (Кыял) кыймылынын лидери Эрмек Нарымбаевди 2010-жылдын июнунда президент Нурсултан Назарбаевдин кызматтан кетишин талап кылган митингде камашкан. Ал төрт жылга түрмөгө кесилген болчу. Казакстанда Адам укуктары бюросунан билдиришкендей, Нарымбаев 15 күндүн ичинде бошотулат.

Өткөн аптада белгилүү адам укугун коргоочу Евгений Жорвтиске да мунапыс жарыяланган. Мунапыс ушул аптада президент Нурсултан Назарбаев Германияга расмий сапар менен барып, 3 млрд.евролук келишимге кол койгон учурда жарыяланып жатат. Бул Назарбаевдин былтыр декабрда Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүлөрдөн бери Батышка жасаган алгачкы сапары эле. Мунайчылар менен полициянын кагылышынан анда 16 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG