Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Афины өкмөтүнүн планы министрлерди ынандырган жок


Евро мейкиндикке кирген өлкөлөрдүн финансы министрлери Греция өкмөтүнүн бюджетти үнөмдөө чараларына байланыштуу күмөн саноосун билдиришти. 17 министрдин башын бириктерген топтун жетекчиси, Люксембургдун премьер-министри Жан-Клод Юнкер дагы бир катар суроолор ачык кала берип жатканын айтты. Германиянын финасы министри Волфганг Шойбле Афины сунуштаган планга кол коюу азырынча мүмкүн эмес деп билдирди.

Кечээ Грециянын башкаруудагы коалициясы Эл аралык валюта фонду менен Евробиримдиктин шарттарына ылайык, мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу тууралуу орток пикирге келген. Жаңы келишимде минималдуу маянаны 22 процентке азайтуу жана мамлекеттик сектордо иштеген 15 миң кишини кыскартуу каралган.

Эми бул план эл аралык финансы институттарынын жактыруусунан кийин Греция парламентине сунушталмакчы. Ошондо гана 130 миллиард евролук жардам берилет. Андай болбосо, Греция мартта дефолт жарыялашы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG