Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Карзай НАТОнун соккусун айыптады


Ооган президенти Хамид Карзай 8 баланын өмүрүн кыйган НАТОнун соккусун катуу айыптады. Президенттин кеңсеси тараткан маалыматка ылайык, 8-февралда Каписа чөлкөмүндөгү айылда болгон окуя ар тараптуу териштирилет.

НАТО баштаган күчтөрдүн маалымат катчысы сокку урулганын бышыктап, анын чоо-жайын атайын топ иликтээрин айтты. Жайкын тургундар арасындагы жоготуулар Карзай менен эл аралык коалиция ортосундагы тирешүүнү курчутуп келет.

XS
SM
MD
LG