Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Ленин райсотунун жетекчисин жоопко тартуу талабы коюлду


"Апрел байрагы", "Сотторду тазалоо" кыймылдары жана "Право KG" коомдук бирикмеси Бишкектин Ленин райондук сотунун төрайымы Максуда Оморованы кылмыш жоопкерчилигине тартып, ээлеген кызматынан бошотулушун талап кылышты. Талап 29-февралга чейин аткарылбаса, 1-марттан тарта митинг-пикеттерди уюштурмай болушту. Алардын айтымында, "Максуда Оморова соттук териштирүүлөргө одоно кийлигишип, судьяларга кысым көрсөтүп, жарандардын эркине каршы мыйзамсыз чечимдерди чыгарткан".

Максуда Оморова "Азаттыкка" жогоруда аталган айыптоолордун баары негизсиз экенин айтты. Кол астында иштеген 15 судьянын бирине да кысым көрсөтүү фактысы болбогонун, "Право KG" бирикмесинин башчысы Мейманбаев өзү сот иши боюнча жоопкер экенин жашырып жатканын билдирди. Оморованын айтымында, ага куру жала жаап жатышат, себеби ал боюнча айтылган даттануулардын баары далилсиз.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин айтымында, азыркы мыйзамдар боюнча сот жетекчилиги судьялардын ишине кийлигише албайт, аларда мындай укук жок. (RK)

XS
SM
MD
LG