Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Баткендин борборунда эл жыйнала баштады


Ушу тапта Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын алдында жүздөй киши чогулганын, алар "курултайга катышканы келдик" деп жатышканын кабарчыбыз маалымдайт. Бирок иш-чара ким тарабынан, кандай максатта уюшулуп жатканы белгисиз. Облакимиаттагылар бүгүн эч кандай иш-чара пландабаганын айтышууда. Ошол эле жерде күч кызматкерлери да чогулуп турушат.

Былтыр декабрда Баткендин Андарак айылында кыргыз жана тажик улутундагы жарандардын ортосунда жаңжал чыгып, өкмөттүк комиссия ага ошол кездеги губернатор Арзыбек Бурканов күнөөлү болгон деген бүтүмүн чыгарган. 1-февралда ал кызматынан алынган. Буркановдун тарапкерлери "комиссия бүтүмүн кайра карап чыксын, Бурканов акталсын" деген талап коюп, 10 күндүк мөөнөт беришкен болчу. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG