Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Пакистанда премьер-министр сотко чакырылды


Юсуф Реза Гилани
Юсуф Реза Гилани
Пакистандын Жогорку соту өкмөт-башчы Юсуф Реза Гиланинин “соттун урматтабады” деген айып боюнча доо арызын канааттандырган жок. Премьер-министрди азыркы президент Асиф Али Зардариге каршы мурда ачылган кылмыш ишти кайра кароого макул болбогону үчүн күнөөлөшкөн. Президент Зардири коррупция үчүн айыпталган болчу.
Келерки дүйшөмбүдө Гилани эми сотко барышы керек. Айрым маалымат каражаттары жазышкандай, эгерде сот премьер-министрди күнөөлүү деп тапса, анда ал түрмөгө кесилиши мүмкүн жана мындан ары мамлекеттик кызматтарды ээлей албай калат.

XS
SM
MD
LG