Өлкөнүн жетекчилиги чыгымдарды кескин кыскартуу боюнча чечим кабыл алганына нааразылык иретинде Грециядагы коомдук жана менчик секторлор эки күн ишке чыкпай турган болушту. Бүгүндөн тарта 48 саат бою коомдук ранспорт, мектептер, соттор, музейлер жана өкмөттүк ишканалар иштебейт. Ооруканаларда жалаң тез жардам кызматтары гана иштеп жатат.
Кечээ өлкөдөгү башкаруучу коалицияга кирген партиялар эл аралык донорлордун талабын канааттандырып, 130 млрд.евролук жардам алыш үчүн бюджеттик чыгымды кескин кыскартуу чечимин кабыл алышкан.
Бирок Грецияны дефолттон сактап калыш үчүн анчалык ири көлөмдө жардамды берүү-бербөө маселесин талкуулаган еврозонанын каржы министрлери кечээ азырынча грек өкмөтү коюлган талапты толук аткарыла элек дешти. Алар 15-февралга чейин аткарылышы керек болгон жаңы талаптарды коюшту.