Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Т.Чоротегин “Кыргызстан Тарых Коомуна” президент болду


Бүгүн Бишкекте “Кыргызстан Тарых Коому” (КТК) деп аталган илимий-агартуу багытында иш алып бара турган эл аралык коомдук бирикменин түптөө жыйыны өттү. Жыйында азыркы тарых илимине сереп салынып, бир гана Кыргызстан тарыхы эмес, чөлкөмдүк жана дүйнөлүк тарыхты комплекстүү жана объективдүү иликтөө көйгөйлөрү талкууланды. Мындан тышкары КТКга тарыхый башат болгон мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын кыргыз тарых илимине кошкон салымдары тууралуу сөз болду.

Тарыхчы жана журналист Кыяз Молдокасымовдун “Азаттыкка” билдиришинче, соңку мезгилде тарыхчылар өздөрүнүн жигердүү ишин көргөзө албай, тарыхый сабатсыздык күчөп кетти. Мындан ары тарыхчылар бүгүнкү кыргыз тарыхындагы орчундуу маселелерди өз ордуна коюу жана дүйнөгө таанытуу иштери менен алектенет.

Жыйын соңунда КТКнын президенти болуп 9-13-кылымдардагы мусулман булактары жана этнос тарыхы боюнча адис, "Азаттыктын" Кыргыз кызматынын мурдагы жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин шайланды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG