Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

12-февралга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
11-12-февралда жаан-чачын, карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу унаа жолдорунда кар көчүшү мүмкүн. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунушталат.

Аба ырайы
12-февралда кээ бир райондордо кар түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -1... -6,
Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -1... -6,
Баткенде түнкүсүн -6...-11, күндүз 0... -5 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6... -11, күндүз -4...+1,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12 градус, күндүз 0...-5,
Нарында түнкүсүн -19...-24, күндүз -11... -16,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -27... -32, күндүз -14... -19,
Тоолордо түнкүсүн -26...-31, ал эми күндүз -11... -16 болот.

Бишкекте кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12 градус суук, күндүз 2...4 градус суук болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG