Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

"Республика" жана "Ата-Журт" өлкө бюджетинин долбоорун колдоду


“Республика” жана "Ата-Журт" фракциялары 10-февралда “2012-жылга республиканын бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоорун карашты. Эки деңгээлдүү бюджетке өткөнгө байланыштуу жаңы иш алып баруу жолдору иштелип чыкканын каржы министри Акылбек Жапаров белгиледи. Мындан тышкары апрель айынан баштап мамлекеттик сатып алуулар электрондук ыкмада жүргүзүлөт, бюджет жетишсиздиги кыйла кыскарат жана мындан ары мамлекет канча каражат тапса, ошончо көлөмдөгү каржыны жумшай алат. Долбоордо 2012-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 94,6 млрд. сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 94,6 млрд. сомго барабар экени көрсөтүлгөн.

Депутаттар тышкы карыз боюнча төлөмдөр, жол, социалдык курулуштарды кайра калыбына келтирүүгө жана курууга бөлүнгөн акча каражаттары, айыл чарбаны колдоого жумшалган жеңилдетилген кредиттин көлөмүн көбөйтүү жөнүндө маселелерге көңүл бурушту. Талкуудан кийин фракциялар долбоорду колдоо чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG