Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:16

Далбаева: Баламды сабаган эмесмин


Бишкектин Бакай-Ата жаңы конушунун тургуну Айсалкын Далбаева “Азаттыкка” курган маегинде 6 жаштагы баласы Султанды сабабаганын билдирди. Анын айтымында, Султан башында шишиги менен төрөлгөн жана жакында эле текшерүүдө анын боору оорулуу экенин дарыгерлер билдиришкен.

“Азыр "энеси баласын катуу сабап салыптыр" деп маалымат каражаттары жазып атат. Чындыгында андай болгон эмес. Бөбөгүнүн сүтүн ичип койгондо тап бергеним чын. Ошол маалда чалынып жыгылып, башы менен дубалга тийип, эсин жоготуп койгон. Тез жардам келгенче мен колдорун, көкүрөгүн укалап, эсине келтирүү үчүн бетине уруп, суу чачкам. Реанимацияга барганда эле “бул абдан сабалып келген бала экен” деп чыгышты. Азыр абалы жакшы, №3 оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө которулду. Баламдын чана тээп жатып тизеси сыйрылган. Андан башка жеринде жарасы жок болчу”, – деди баланын апасы Далбаева.

10-февралда 6 жаштагы Султанды апасы сабаганы, №3 ооруканага оор абалда жеткирилгенин Башкы прокуратура кабарлаган. Дарыгерлердин айтымында, бала өтө арык, денесинде жаңы жана айыгып келаткан жарааттар бар. Окуя 20-январда болгон. Кылмыш иш 7-февралда козголуп, тергөөнү Свердлов райондук соту жүргүзөрү айтылган. Бул окуяны “Кылым шамы” укук коргоо борбору иликтөөгө алууда. Борбордун кызматкерлери баланын абалы менен таанышып келген. Маалымат каражаттарында жазылгандай Султандын акыреги сынган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG