Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Бельгияда Ибрагим Бакировдун сүрөт көргөзмөсү ачылды


Брюсселдеги вернисажга акыркы он жылда Бельгияда жашаган кыргызстандык сүрөтчү Ибрагим Бакировдун абстрактык стилдеги жыйырма эмгеги жана замандаштарынын онго жакын портреттери коюлду. Алар литографиялык ыкмада сепия (кесек боек) менен тартылган.

Брүссел шаарындагы Маркус Мартини атындагы маданий борбордогу көргөзмө бир айга созулат. “Кыргызстандык профессионал сүрөткердин эмгектери аркылуу адамдарды искусствонун керемет дүйнөсүнө кызыктыруу боюнча жаңы саамалыкты баштап жатабыз”, - деди көргөзмөнүн куратору Анне Лепере “Азаттыктын” кабарчысына.

XS
SM
MD
LG