Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Мамкаттоо кызматына өрт койду делген жаранга издөө жарыяланды


ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү Мамлекеттик каттоо кызматынын архивин атайлап өрттөгөн деген шек менен Кайрат Абдраимов аттуу жаранга издөө жарыялады.

Министрликтин маалымат кызматынын билдиришинче, аталган жаран 2011-жылдын 13-май түнү Мамлекеттик каттоо кызматынын имаратына өрт койгон деп шектелүүдө. Бул өрттүн кесепетинен аталган мекмеде сакталып турган мамлекеттик автоинспекциянын сынактык-каттоо бөлүмүнө таандык архивдик документтер өрттөнүп кеткен.(BkA)

XS
SM
MD
LG