Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:42

Арап лигасы БУУну Сирияга тынчтыкты орнотуучу биргелешкен миссияны жиберүүгө чакырды


Арап лигасы Сирияда 11 айдан бери уланып жаткан зордук-зобунду токтотуш үчүн Бириккен улуттар уюмун ал жакка биргеликте тынчтыкты орнотуу миссиясын жиберүүгө чакырды. Каирде арап лигасына мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында кабыл алынган резолюцияга ылайык, лига Сириянын өкмөтү менен баардык дипломатиялык мамилелерди токтотот да, оппозиция менен байланышты күчөтөт. Лиганын бул чечими Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде Орусия менен Кытай Сирия боюнча резолюцияга вето салгандан бир аптадан кийин кабыл алынды. Ал арада, өткөн аптада аткылоого кабылган Хомс шаарында абал өтө начарлап кеткени, адамдарга негизги тамак-аш, дары-дармек жетишпей жатканы айтылууда. Адам укугун коргоочулар бул шаарда өткөн жумадагы атышууларда 400 ашуун киши өлгөнүн айтышты.

XS
SM
MD
LG