Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Таласта аким шайлоого нааразылар митингге чыгышты


Талас облусунун Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунда ушу тапта нааразылык акциялар башталып жатканын "Азаттыкка" "6-апрель. 2010-жыл. Элдик революциянын акыйкат кыймылы" уюмунун төрагасы Умар Анарбаев билдирди.

Анын айтымында, 2 апта мурда каттоодон өткөн бул уюмдун курамында Таластын ар бир районунун өкүлдөрү жана "Апрел баатыры" наамын алгандар бар. Нааразы болгондор үч талап коюп жатышат - аким шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп атоо, райкеңеш жана айыл кеңештерди таркатып, кайра шайлоо жана ""Республика" партиясынын монополиялык саясатын жүргүзүп жаткан" премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кызматтан өз ыктыяры менен кетиши.

Жакында Кыргызстан боюнча райондук мамлекеттик администрация башчыларын шайлоо болуп өттү, 34 жаңы аким шайланды. Бул өнөктүк "Бакиевчилердин "Ак Жол" партиясынын мүчөлөрү "Республика" партиясынын атына жамынып, коркутуп-үркүтүү жолу менен кайра бийликке келатышат" деген дооматтар менен коштолду.

Жакында күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолукканда премьер-министр Бабанов "аким шайлоодо райкеңеш депутаттарынын добушун сатып алуу фактылар аныкталса, талапкер да, райкеңештин депутаты да бирдей жоопкерчиликке тартылаарын" айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG