Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Түркмөн президенти 97% добуш менен кайра шайланды


Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жарыясына караганда, кечээги шайлоонун бюллентендеринин дээрлик баары саналгандан кийинки эсеп боюнча Гурбангулы Бердымухаммедов добуштардын 97,14% алды.

Бул шайлоого Бердымухаммедовго атаандаш деп мүнөздөлгөн жети талапкер да катышканы менен жогорудагы көрсөткүч авторитардык бийлик өкүм сүргөн Түркмөнстан үчүн күтүүсүз эмес.

КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясы түркмөн шайлоосу боюнча өз баасын бүгүн берери күтүлүүдө. Батыштын байкоочулары болсо шайлоого көз салган жок.

Бийликке 2006-жылы, мурдагы президент Сапармурад Ниязовдун көзү өткөндө келген Гурбангулы Бердымухаммедов президенттикке экинчи ирет шайланууда.
(UE)

XS
SM
MD
LG