Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында өлгөн Айбек Эшбаев боюнча атайын комиссия иликтөө ишин баштады. Бишкек милициясынын жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Эшбаевди улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери 11-февралда кармап кетишкен. Бүгүн таңга жуук өлүгү камерадан табылган. Ал асынып өлгөнү айтылууда. Бишкек милициясынын маалымат кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, Эшбаевди пара алды деп кармашкан. (RK)