Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:34

Таласта курултай жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланды


Бүгүн Таласта "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Иш-чарага "Элдик курултай" уюмунун 40 делегаты жана эки жүздөй киши катышты. Талкуунун уюштуруучусу, "Элдик курултай" кыймылынын төрагасы Кадыр Кошалиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мындай иш-чара жакында Караколдо, Кочкордо, Жалал-Абадда, Ошто, Баткенде жана Нарында өттү. 15-февралда талкуу Бишкекте уланат. Ага Чүй облусунун жана Бишкектин жарандары катышат.

Элдик курултайды Баш мыйзамга киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Экинчи окууга чейин коомдук талкуудан өтүшү керек.

"Элдик курултай" уюмунун түзүлгөнүнө эки жыл болду. Анын курамында 35 коомдук-саясый бирикме бар. Уюм талкуунун катышуучуларына элдик курултай боюнча өзү иштеп чыккан мыйзам долбоорун да сунуштап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG