Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Атамбаев: Курсанттын өлүмү боюнча кылмыш иш кеч козголду


Бишкектеги Аскер институтунун курсанты Болотбек уулу Таалайдын өлүмү боюнча кылмыш ишти козгоо кечеңдегенин президент Алмазбек Атамбаев бүгүн баш прокурор Аида Саляновага айтты.Асынып өлдү делген курсанттын сөөгү 30-январда табылган. Кылмыш иш 9-январда козгологонун "Азаттыкка" аскер прокурору Марат Эшперов билдирди. Мыйзам боюнча, "өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирген" деген берене боюнча кылмыш иш жабыркаган тараптын арызынын негизинде гана козголот. Мындай арыз прокуратурага 8-январда түшкөн. Курсант жигит окууга былтыр өткөн. Кышкы каникулдан кийин кайра окууга баргысы келбей, улуураак курсанттар тарабынан зомбулук болуп жатканын ата-энесине айтканын акыйкатчы Турсунбек Акун билдирген. Бирок ага болбой атасы аны 30-январда институтка өзү жетелеп, киргизип кеткен. Эки сааттан кийин баласы асынып өлдү деп чалышкан. Соттук медэкспертиза ал асынып өлдү деген. Бирок кийин анын денесинде көк ала, бутунда кайнак суунун күйүк тагы бар экени аныкталган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG