Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Израиль дипломаттарын жардыруу аракеттери үчүн Иранды айыптады


Нью-Делиде жардырылган унаа. 13-февраль, 2012-жыл.
Нью-Делиде жардырылган унаа. 13-февраль, 2012-жыл.
Премьер-министр Биньямин Нетаньяху бүгүн Иранды Индия менен Грузияда анын өлкөсүнүн дипломаттарын бутага алган бомба чабуулдары үчүн айыптады. Мунун алдында Израилдин тышкы иштер министрлиги Нью-Делиде алардын элчилигине караштуу унаа жардырылганын билдирген.

Индиялык расмий өкүлдөрдүн айтымында, жардыруудан айдоочу жана дипломаттын аялы жаракат алган.

Ал эми Грузияда Израиль элчилигинин кызматкерине караштуу унаадан бомба табылган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, ал коопсуздук күчтөрү тарабынан зыянсыздандырылды.

Израилдин премьер-министринин айтымында, бүгүнкү инциденттер өткөн аптада Таиланд менен Азербайжанда ишке ашпай калган кол салуулар менен окшош.

Нетаньяху алар үчүн Иранды жана шийиттердин Ливандагы “Хезболла” тобун айыптаган.

Жогорудагы окуялар Ирандын талаштуу өзөктүк программасына байланыштуу Тегеран менен Тель-Авивдин тиреши күчөгөн тушта болууда. Батыш өлкөлөрү сыяктуу Израиль да Иран өзөктүк программасына жамынып, өзөктүк курал жасайбы деп кооптонот. (UE)

XS
SM
MD
LG