Катталбаган “Алга” партиясынын лидери Владимир Козловдун жубайы Алия Турусбекова камактагы күйөөсүнүн укуктары бузулуп жатканын кабарчыларга бүгүн билдирди. Турусбекованын айтымында, Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин офицерлери ага жубайы менен жолугушууга жана кийим-кечек, тамак-аш киргизүүсүнө мүмкүндүк бербей жатат. Мындай аракет Козлов камалгандан бери жасалууда.
Турусбекова кошумчалагандай, жубайы камалгандан бери аны менен адвокаты да бетме-бет кездеше албай жүрөт.
Камактагы саясатчынын жубайынын бул айыптоолоруна карата казак бийликтери азырынча комментарий бере элек.
Катталбаган “Алга” партиясынын лидери Владимир Козловду Казакстандын Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жаңы-Өзөн шаарында 16-декабрда болгон кан төгүүгө байланыштуу 26-январда камакка алып, ага “социалдык кастыкты козуткан” деген айып таккан.(UE)