Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

АКШ президенти 2013-жылдын бюджет долбоорун сунуш кылды


Барак Обама сунуш кылган документ жаңы жумушчу орундарын түзүү үчүн бюджеттик чыгымдарды кыскартууну, ошол эле учурда кирешеси жогору жарандар менен компаниялар үчүн салыкты көбөйтүүнү карайт.

Документтин долбоору менен тааныштырып жатып АКШ президенти анын негизги максаты америкалык экономиканын өсүү тенденциясын сактоо экендигин белгиледи:

-Бюджеттин негизги идеясы мында турат: экономикабыздын өсүүсү жана жумушчу орундардын түзүү ыргагы тез кетип жаткан учурда биз бул кайра жанданууну нугунда кармаш үчүн колдон келгендин баарын жасообуз керек. Биздин иштин бир бөлүгү - таңкыстыкты азайтууу. Эгер Конгресс бул бюджетти биз барган кыскартуулар менен кабыл алса, 2022-жылга карата таңкыстыкты 4 триллион долларга азайта алабыз.

Оппозициядагы Республикалык партиянын өкүлдөрү Обаманын администрациясынын салык системасын реформалоо пландарын буга чейин бир нече жолу сынга алышкан. )

XS
SM
MD
LG