Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Азербайжан Ирандын тыңчылык боюнча айыптоолорун четке какты


“Азербайжан Израилдин чалгын кызматтарына Иранда өзөктүк энергетика боюнча илимпоздорду өлтүрүүгө жардам берген” деген Тегерандын айыптоосун расмий Баку четке какты. Азербайжандын тышкы иштер министрлиги нааразылык нотасы ирандык элчиге тапшырылганын билдирди. Министрликтин өкүлү муну “өткөн айда Бакуда эки ирандык бул жердеги белгилүү жөөттөрдү өлтүрүүгө аракет кылган деген айып менен камалганына Ирандын жообу” деп атады. Азери өкмөтү Израил менен жакшы мамилени сактоого аракет кылып келатат. Соңку кездери Азербайжандагы ислам радикалдарын Иран колдоп жатат деген азери бийлигинин айыптоолорунан кийин Баку менен Тегерандын мамилелери сууй түшкөн.

XS
SM
MD
LG