Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Бишкек: Жетим балдар үйүндөгү жагдай териштирилет


Вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова бүгүн Бишкек шаардык мэрияга караштуу жетим балдар үйүнө барат. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, 7-февралда жыйын өтүп, анын соңунда бул жетим балдар үйүн мэрия карамагынан Социалдык коргоо министрлигине өткөрүү жагдайларын карап чыгууга үч күн мөөнөт берилген.

Бишкек шаардык билим берүү департаментинин башчысы Айнагүл Ниязова жетим балдар үйүнүн башчысы Алексей Петрушевскийди “балдарды психологиялык жана сексуалдык зомбулукка жол берген” деп айыптап чыккан. Бир катар укук коргоочулар Петрушевскийдин таламын талашып, насыя жалаага кабылганын билдиришүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG