Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Изилдөө тамекиге тыйуунун оң натыйжасын көрсөттү


Бир топ мамлекеттерде коомдук жайларда тамеки тартууга тыйуу салынгандан кийин, адамдар үйлөрүндө да чылым чекпей калышкан. Мындай тыянак Tobacco Control журналында жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгына негизделинип айтылды. Авторлордун айтымында, Францияда, Ирландияда, Голландияда жана Германияда коомдук жайларда тамеки чеккенге тыйуу салынгандан кийин, адамдар үйлөрүндө да тамекиден баш тартышты. Бул көрсөткүч 17%, айрым жерлерде 37% чейин кыскарган. Буга чейин тамекиге тыйуу салууга каршы болгондор эми адамдар үйлөрүндө көп чеге баштайт, андан үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө, өзгөчө балдарга зыяны тийет деп келишкен.

XS
SM
MD
LG