Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Жалал-Абадда “Экстремист” операциясы аяктады


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын 10-бөлүмү 9-февралдан бери өткөргөн “Экстремист” операциясын жыйынтыктап жатат. “Хизб-ут-тахрир” партиясынын активдүү мүчөсү деп шектелген тогуз адам кармалып убактылуу камакка алынды.
Башкармалыктын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев билдиргендей, алардын төртөөсү 13-февралда таңкы саат 7де Сузак районунун аймагынан колго түшүрүлгөн. 2 ноутбук, диний-экстремисттик мүнөздөгү 398 китеп, 42 китепче, 182 CD жана DVD диск, 49 аудиокассета алынган.

Ноокен районунан кармалган беш кишиден да диний-экстремисттик мүнөздөгү адабияттар алынган. Аталган баардык диний адабият экспертизага жөнөтүлөт. Анын жыйынтыгы боюнча Жогорку Сот буга дейре “жашыруун экстремисттик партия” деп аныктама чыгарган “Хизб-ут-тахрир” уюмунун кармалган ушул мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси чечилет.

Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча жетекчи орун басары Станбек Бакировдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Жалал-Абадда “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү деп шектелген тогуз адамдын бирөө Сузак районундагы мечиттердин биринин имамы. (YA/RK/EBM)

XS
SM
MD
LG