Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Талас: Акимиаттын алдында эки митинг башталууда


Ушу тапта Талас облустук мамлекеттик администрациясынын алдында 70-80 киши чогулуп турат. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, алардын бир бөлүгү губернатордун биринчи орун басары Анарбек Тургуналиевдин кызматтан алынышына, ал эми экинчи бөлүгү Бакай-Ата районундагы аким алмашууга нааразы экенин айтып жатышат.

Тургуналиев буга чейин эки жолу сөгүш алганы айтылган. Бирок экөө тең негизсиз экени сотто далил болгонун "Азаттыкка" өзү билдирди.

Бакай-Ата райондук кеңеши жаңы аким кылып Урмат Тынысовду шайлаган. Бирок мурдагы аким Мурат Жунусов кабинетинин ачкычын бербей жатканы айтылып, кечээ атайын комиссиянын көзүнчө эшиктин кулпусун сындырып киришкен. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG