Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Израил дипломаттарын бутага алган адамдар изделүүдө


Индия жана Грузиянын бийликтери Израил дипломаттарынын машинелерине бомба койгон адамдарды издөөнү улантышууда. Индиянын ички иштер министри Делиде болгон жардырууну “теракт” деп мүнөздөдү. Кечээки жардыруудан Израил дипломатынын жубайы жарадар болгон. Маалыматтарга караганда, жардыргыч затты атайын машыккан адам машиненин арткы эшигине жармаштырып кеткен.

Грузияда президент Михаил Саакашвилинин маалымат катчысы Манана Манжгаладзе Израилдин дипломатиялык машинесине коюлган бомба боюнча иш өзгөчө көзөмөлгө алынганын билдирди. Тбилисиде табылган бомба жарыла электе зыянсыздырылган. Израил бул карасанатайлыктын артында Иран турат деп айыптаган. Тегеран бул кинени четке какты.

XS
SM
MD
LG