2011-жылы Кыргызстан Индия жана Пакистан менен коргонуу жана коопсуздук багытында байланыш түзө алды. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министри Руслан Казакбев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык боюнча комитетинде айтты. Министрдин билдиргенине караганда, тиешелүү мекемелердин ортосунда кызматташтык мамилелер түзүлдү. Казакбаев министрликтин былтыркы жылдагы ишмердүүлүгү боюнча депутаттарга маалымат бергени барган. (RK)