Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Жапонияда жер силкинди


Жапониянын түндүк-чыгышында бүгүн күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Азырынча жапа чеккендер жөнүндө маалымат жок.

Жапониянын атомдук ишканаларды көзөмөлдөө боюнча агенттиги Фукушима Даичи станциясы жабыркабаганын билдирди. Былтыр мартта 9 баллдык зилзала менен цунаминин кесепетинен станциянын 2 реактору иштен чыккан жана радиациянын айлана-чөйрөгө жайылуу коркунучу пайда болгон. Ошол табигый кырсык 16 миңдей кишинин өмүрүн алып кеткен. 3 миңдей кишинин дайыны азыркыга чейин белгисиз.

XS
SM
MD
LG