Бүгүн премьер-министр Өмүрбек Бабанов укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт аппаратынын коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Көлбай Мусаев укук коргоо органдарын реформалоо концепциясы жөнүндө айтып берди. Концепцяга ылайык, өкмөт алдында автоматташтырылган Бирдиктүү улуттук маалымат банкы (БУМБ) түзүлөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 18 млн.доллар керек. Каражат бюджеттен тышкаркы булактардан караштырылмай болууда.
Өкмөттүн маалымат жыйынынан кабарлашкандай, БУМБ коррупция жана паракорчулук менен күрөшүүнүн натыйжалуу куралы болуп калышы керек.
Премьер Бабанов бул концепцияны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү иши кошо жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. (RK)