Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Чүйдө дарыгерлер уулуу көмүрдүн таасирин изилдей башташты


Чүйдө дарыгерлер уулуу көмүр ташылып барган мектептерде жана социалдык мекемелерде текшерүү жүргүзө башташты. Алар радиациянын таасири адамдарга тийдиби, жокпу, ошону аныкташат. 17 социалдык мекемеде мындай изилдөө 1-мартка чейин жүргүзүлмөй болду.

Казакстандын Кулан кенинен былтыр Чүй облусуна ташылып келген 1 миң тоннага жакын көмүрдүн радиациялык фону нормадан бир топ ашаары аныкталган. Кийин уулуу көмүрдүн баары Бишкек ТЭЦине ташылып келип, ал жерде жаткан 8,5 тонна көмүр менен кошо кайра Казакстанга жөнөтүлүп жатат. Бишкек ТЭЦине келген көмүр жагылган эмес, ал эми Чүйгө тараган көмүрдүн айрым бир бөлүгү жагылганы аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG