Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Кытай адам укуктары боюнча АКШ менен “конструктивдүү диалогго” даяр экенин билдирди


АКШнын президенти Барак Обама менен Кытайдын вице-президенти Си Цзиньпин, Вашингтон, 14-февраль, 2012
АКШнын президенти Барак Обама менен Кытайдын вице-президенти Си Цзиньпин, Вашингтон, 14-февраль, 2012
Кытайдын лидеринин орун басары Си Цзиньпин Вашингтондогу сүйлөшүүлөр учурунда билдиргендей, Кытай акыркы 30 жыл ичинде “адам укуктарын коргоо жаатында алгылыктуу иштерди жасай алган”. Бул маселе кечээ Цзиньпиндин АКШнын президенти Барак Обама жана вице-президенти Жо Байден менен сүйлөшүүлөрүндө көтөрүлдү.

Андагы дагы бир маанилүү маселе ортодогу соода-экономикалык алакаларга арналды. Барак Обама Кытай эл аралык соодада “эрежелерди карманышы” зарыл экенин белгиледи.

Алар Сириядагы абалга да токтолушту. Байден бул боюнча Кытай Бириккен улуттар уюмунун резолюциясына вето салганына АКШ макул эмес экенин кыйытты.

Си Цзиньпин келерки жылы Кытайдын лидери болууга далалаттанып жаткан негизги талапкер катары аталууда.

XS
SM
MD
LG