Бүгүн Таласта жаш жубайлар арасында өткөрүлгөн “ыймандуу үй-бүлө” сынагынын жыйынтыгы чыгарылат. Жаштар саясаты, эмгек жана калкты жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин билдиришинче, төрт райондон жана Талас шаарынан беш команда тандалып алынды. Жаш жубайлар сынакка бала-чакасы, кайнене-кайнатасы менен катышып, ыймандуу, үлгүлүү үй-бүлө экенин далилдеши керек.
Иш-чара үй-бүлө институтун бекемдөө максатында уюштурулган. Статистикалык маалымат боюнча, Кыргызстанда акыркы кезде ажырашкандар көбөйүүдө. (EBM)
Иш-чара үй-бүлө институтун бекемдөө максатында уюштурулган. Статистикалык маалымат боюнча, Кыргызстанда акыркы кезде ажырашкандар көбөйүүдө. (EBM)