ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Ооган апаатында курман болгондор эскерилет

Бишкекте “Ата-Түрк” сейил багында бүгүн Ооган апаатындан курман болгон жоокерлерди эскерүү өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.

Советтер союзунун тушунда, 1979-1989-жылдары Ооган согушуна Кыргызстандан 7 миңден ашуун аскер барган. Анда 300дөн ашуун жоокер курман болуп, 1,5 миңдей адам жаракат алган. (EBM)
​
XS
SM
MD
LG