Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Тимошенконун ден-соолугун эл аралык догдурлардын тобу текшере баштады


Ю.Тимошенко Киевдеги сотто, 31-август, 2011
Ю.Тимошенко Киевдеги сотто, 31-август, 2011
Юлия Тимошенко украин өкмөттү жетектеп турган учурда Орусия менен "пайдасыз эле эмес, өлкөгө зыянга турган келишимге кол койду" деп айыпталып, октябрда жети жылга кесилгенден кийин ден-соолугу начарлап кеткенин айткан. Анын колдоочулары менен эл аралык коомчулук Тимошенкого каршы ачылган ишти Украинадагы оппозициянын эң таасирдүү лидерин коркутууга көрүлгөн аракет катары сыпатташууда.

Кечээ эрте менен Харьковдогу түрмөдө канадалык үч жана германиялык эки врач Тимошенконун абалын алдын ала текшеришти. Анын жыйынтыгы качан айтылаары белгисиз.

Украинанын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Раиса Моисеенко журналисттерге: "Бүгүнкү күнгө карата баардык маселелер чечилди жана Юлия Тимошенкону текшерүү жүрүп жатат. Медициналык текшерүүлөр канча убакытка созулаарын айта албайбыз, анткени арабызда айрым адистер англисче сүйлөшөт жана аларга керектүү материалдарды которууга да убакыт керек, - деди. - Алардын жанында Юлия Володимировна өзү ишенген котормочу да бар. Ошон үчүн бул текшерүүлөр узагыраакка созулушу мүмкүн".

XS
SM
MD
LG