Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

БУУнун Башкы Ассамблеясында эртең Сирия боюнча резолюция добушка коюлат


Сауд Арапстан менен Катар биргеликте даярдаган бул резолюцияда куралсыз элге ок аткан Сирия режими айыпталган. Андан сырткары, Улуттар уюмунда Сирия боюнча атайын өкүлдү дайындоо сунушу киргизилип, президент Башар Асадды бийликтен кетүүгө чакырык айтылган. Башкы Ассамблеянын резолюциялары, Коопсуздук кеңешинин чечиминен айырмаланып, сөзсүз аткарылышы зарыл деген күчкө ээ эмес, сунуш иретинде гана айтылат. Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын долбооруна Орусия менен Кытай вето салып коюшкан.

Ал арада Сириянын өзүндө өкмөттүк аскерлер менен оппозициянын куралдуу күчтөрүнүн атышуулары улантылууда. Активисттер кечээ кеминде 19 адам өлгөнүн айтышты. Алардын арасында соңку күндөрү өзгөчө аткылоого кабылган Хомс шаарынын жайкын тургундары да бар.

XS
SM
MD
LG