Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Курсанты каза болгон институтта жетекчилик ишинен четтетилди


Коргоо министрлигинин алдындагы Аскердик институттун жетекчиси Искендер Икрамов жана анын бир орун басары, бөлүк жана бөлүмчө башчылары ээлеген кызматынан четтетилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Институт жетекчисинин милдетин азырынча штаб башчысы аткарууда.

Аталган окуу жайда 30-январда курсант Болотбек уулу Таалай асынып өлгөнү айтылган. Курсант жигит окууга былтыр өткөн. Кышкы каникулдан кийин кайра окууга баргысы келбей, улуураак курсанттар тарабынан зомбулук болуп жатканын ата-энесине айтканын акыйкатчы Турсунбек Акун билдирген. Бирок ага болбой атасы аны 30-январда институтка өзү жетелеп, киргизип кеткен. Эки сааттан кийин баласы асынып өлдү деп телефон чалышкан. Соттук медэкспертиза ал асынып өлдү деген. Бирок кийин анын денесинде көк ала, бутунда кайнак суунун күйүк тагы бар экени аныкталган болчу.

Министрликтин маалымат кызматы институттун жетекчилигинин кызматтан четтетилиши курсанттын өлүмүнө байланыштуу эмес деп билдирүүдө.(RK)

XS
SM
MD
LG