Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

№1 абактагы "өзгөчө" камера коррупционер аткаминерлерге берилиши мүмкүн


Бишкектеги №1 тергөө абагынын 3-кабатындагы 342-камера коррупционер деп шектелген жогорку кызматтагы аткаминерлерди камоого берилиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Жаза аткаруу кызматы билдирди.

"Кыргызстанда коррупцияга жана криминалга каршы күрөштүн күчөшүнө байланыштуу бул камераны эң чоң кызматтардагы коррупционерлерди буга чейин камактагылардан көп акча талап кылган "кылмыш дүйнөсүнүн" өкүлдөрүнөн калкалоо үчүн бере алабыз", - деп айтылат Жаза аткаруу кызматынын билдирүүсүндө.

Түрмөчүлөр мурда билдиргендей, соңку 6 жылдан бери аталган камерада "кылмыш дүйнөсүнүн анабашы" атыккандардын кенен басып, каалаганда кирип-чыгуусуна уруксат берилген. Ичи еврожасалгадан өткөн. Быйыл 16-январда Жаза аткаруу кызматы анын ичиндеги жумшак эмерек жана башка жасалганын баары сыртка чыгарып, абактын ичинде тинтүү жүргүзгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG