Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

Кыргызстанда жакыр карыялар жөнүндө тасма тартылды


Кыргызстанда жардамга муктаж карыялар жөнүндө документалдуу тасма тартылды. Анын автору - "Babushka Adoption" бейөкмөт уюму. Ар кайсы райондордо жашаган карыялардын бүгүнкү турмушу, аларга көрсөтүлүп жаткан чет элдик жардам тууралуу баяндаган тасманы тартууга "Бешинчи канал" телекомпаниясы көмөктөштү. Ар бир карыя өзү тууралуу өзү айтып берет. Аларга жардам берген чет өлкөлүк жарандар мындан ары да кайрымдуулугун уланта берээрин, бирок мамлекет өз карыялары жөнүндө өзү кам көрүшү керек деген пикирин айтышкан. "Чоң энелерге кам көргүлө" долбоору аркылуу 600 чет элдик жарандан чогулган акчадан Кыргызстандын миңден ашуун жакыр карыясына ай сайын 10 евролук каражат бөлүнүп берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG